Өкмөттүн мурдагы аппарат жетекчиси Кылжыев жыштык чыры боюнча кармалды

Өкмөттүн мурдагы аппарат жетекчиси Кылжыев жыштык чыры боюнча кармалды

Жыштык чырына байланыштуу өкмөттүн мурдагы аппарат жетекчиси кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинин басма сөз кызматынан кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, Аскер прокуратурасы жана УКМКнын биргелешкен тергөө тобу тарабынан жыштыктарды сатуу жана лицензия берүүдөгү коррупциялык фактылар боюнча бир катар атка минерлерге карата кылмыш иши ачылып жүргүзүлүп жатат. 

“Аталган иштин алкагында 11-ноябрда өкмөттүн мурдагы аппарат жетекчиси К.С.А. кармалды. Учурда УКМКнын убактылуу кармоочу жайында кармалып турат”, — деп айтылат УКМКнын маалыматында. 

Өздүк булактардын билдиришинче кармалган адам Мухаммедкалый Абылгазиев премьер-министр болуп турганда өкмөттүн аппаратын жетектеген Кылжыев Самат Аскербекович.

 

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>