Site icon Reporter.kg

Зиядин Жамалдинов «Бүтүн Кыргызстан» партиясы менен шайлоого аттанат

Жогорку Кеңештеги «Өнүгүү-Прогресс» партиясынан депутат Зиядин Жамалдинов мандатын тапшырууну чечти. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан кабарлашты.

Аталган комиссияга Жамалдинов парламенттеги депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө арызын жиберген.

Ошондой эле Жамалдинов «Бүтүн Кыргызстан» партиясы менен депутаттыкка талапкерлигин көрсөтүүгө ниеттенип жатканы белгилүү болду.

Аталган партиянын тизмесинде:

  1. Адахан Мадумаров
  2. Айгуль Сатарова
  3. Орозайым Нарматова
  4. Исхак Масалиев
  5. Өмүрбек Суваналиев
  6. Курсан Асанов

Зиядин Жамалдинов дагы алдыңкы жыйырма тизменин катарында.

Exit mobile version