«Зордуктоо» иши боюнча эл аралык издөөдө жүргөн «Казак» каймана аты бар Умар Маратов Египеттен кармалып келди. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Умар Маратов «Женго» каймана аты бар кримтөбөл Кадыр Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү болуп саналат.
Министрликтин маалыматы боюнча, Умар Маратов жана анын шериктери 2023-жылы июнда Ош облусунда 25 жаштагы кызды алдоо жолу менен унаага отургузуп, шаардагы мейманканалардын бирине алып барган. Номерлердин бирине киргенден кийин күч колдонуп, кызды зордукташкан. Кылмыштын оордуганы карабай сот Маратовду үй камагына чыгарган. Кийин ал изин жашырып кетип, издөөгө алынган.
Былтыр Ош облустук милициясы билдиргендей, бул иш боюнча милицияга Умар Маратовдон тышкары дагы эки адамдын үстүнөн арыз түшкөн.
Аталган эки адам азыркыга чейин кармала электиги белгилүү болду. Облустук милиция Reporter.kg’ге Маратов экстрадиция болуп келгенден кийин окуяга тиешеси бар атуулдардын баарына юридикалык баа берилерин, калганы тергөө сыры экенин айтып, берки эки адам кармалып-кармалбаганын ачыктаган жок.
Белгилей кетсек, Умар Маратов зордуктоого шектелген учур биринчи жолу болуп жаткан жок. Маратов 2020-жылы 26-майда шаардык сот тарабынан 16 жашар кызды зордуктаган деп айыпталып 10 жылга эркинен ажыратылган. Бирок кийинчерээк облустук жана Жогорку сот аны актаганы белгилүү болгон.
2023-жылы май айында Маратов жана дагы бир киши (Ж.А.) опузалоого шектелип кармалган. Алар 2022-жылы Бишкектин тургунунун Toyota Camry 70 унаасын тартып алган деп шектелген. Кийин Маратов 1 млн сом күрөө төлөгөндөн кийин Ош шаардык соту аны эч жакка кетпөө тилкаты менен камактан чыгарган. Көп өтпөй эле ага козголгон иш жабылган. Милициянын маалыматы боюнча, жабырлануучу аларга тосмо арыз менен кайрылып, шектүүлөр андан тартып алган унаасын кайтарып бергенин, эч кимге дооматы жок экенин билдирген. Ага байланыштуу иш өндүрүштөн кыскартылган.
Кримтөбөл «Казактын» опузалоо боюнча иши жабылып, зордуктоо иши боюнча издөөгө алынды