Site icon Reporter.kg

Зордуктоого айыпталган орус жараны Бишкектен кармалды

Россиянын Алтай аймагында издөөгө алынган шектүү 6-январь күнү Бишкекте кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, А.Р. аттуу орус жараны уурдоо, зордуктоо жана жасалма документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү же бланктарды жасоо, даярдоо же жүгүртүүгө айыпталууда.

Ал Бишкекте видеокөзөмөлдүн жардамы менен колго түштү.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version