Зулпукаров: Сауд өнүктүрүү фонду 27 мектептин курулушуна 30 млн доллар бөлгөн. Ал каражат эмнеге иштетилбей турат?

Зулпукаров: Сауд өнүктүрүү фонду 27 мектептин курулушуна 30 млн доллар бөлгөн. Ал каражат эмнеге иштетилбей турат?

Нарын районуна караштуу Кеӊеш айылындагы контейнер-мектептин ачылышы социалдык түйүндө катуу талкуу жаратып, Өкмөттүн дарегине ачуу сындар айтылды. Бул тууралуу бүгүн, 5-сентябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Төрөбай Зулпукаров да пикирин билдирди.

Депутат Кеӊеш айылындагы авариялык абалдагы мектептин ордуна жаӊы имарат куруу боюнча кандай чаралар көрүлүп жатат? Өкмөттүн Жогорку Кеӊештеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытовго ушундай собол салды.

«2016-жылы Сауд өнүктүрүү фонду 27 мектептин курулушуна 30 млн доллар бөлгөн. Ага Жогорку Кеӊеш макулдугун берген болчу. Ошол акча ушул кезге чейин иштетилген жок. Өкмөт бул маселеге көӊүл буруп, мектептерди кура башташы керек», — деп кошумчалады ал.

Ал эми депутат Алтынбек Жунус уулу өлкө аймагында авариялык абалдагы мектептер көп экенин, ошондой эле үч кезекте окуткан мектептер да бар экенин баса белгиледи.

«Мен шайлоочулар менен жолугушканда мындай маселе көп көтөрүлөт. Мектептин имараты жараксыз болсо, ал көйгөйдү эптеп чечиш керек да. Мектептердин курулушуна коррупция менен күрөшүүнүн бирдиктүү депозиттик эсебинен алса болот. Анда азыр 1 млрд 443 млн сом каражат топтолду», — дейт Алтынбек Жунус уулу.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>