Зулушев: Аймактардагы жергиликтүү бийликтердин мурдагы жетекчилери жоопко тартылат

Зулушев: Аймактардагы жергиликтүү бийликтердин мурдагы жетекчилери жоопко тартылат

Кечээ, 3-ноябрда президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаровдун Ош шаарында эл менен жолугушуусунда Өзгөн районунан келгенин айткан адам башкы прокурор Курманбек Зулушевдин өкүл баласы районго аким болгонун айтып нааразылыгын билдирген. 

Бүгүн маалымат жыйын өткөргөн башкы прокурор аталган маалыматтын калп экендигин айтты.

Ушул маселе боюнча жооп берип жатып, жергиликтүү бийликтердин мурунку жетекчилеринин жоопкерчилигине токтолду. Анда аларга тийиштүү чаралар көрүлөрүн, анткени дал ошол адамдар төңкөрүшкө өбөлгө түзгөнүн билдирди.   

“Мурдагы район жетекчилерине чаралар көрүлөт. Анткени кечээки төңкөрүштүн болушуна ошолор өбөлгө түздү. Мугалимдерди топтоп алып, өзүң эле эмес үй-бүлөң менен добуш бересиң, 5-10 адамды добуш бердиртесиң деп өкүм зордук болду. Ушунун баарын жергиликтүү бийлик жасады анын ичинде милиция, прокурорлор бар. Бул боюнча тийиштүү арыздар болсо керектүү чаралар көрүлөт”, — деди Зулушев. 

Кечээ, 3-ноябрда Өзгөн районунун жаңы акими Руслан Мейматкулов айрым басылмаларга маек куруп, “Курманбек Зулушевдин өкүл баласы районго аким кылды” деген ушакты Өзгөндүн мурунку акими таратып жатуусу мүмкүн деген пикирин билдирген. 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>