Зулушев: Аял киши жылаңачтанып басмак түгүл ич кийимин көрүнөө жайган эмес — видео

Зулушев: Аял киши жылаңачтанып басмак түгүл ич кийимин көрүнөө жайган эмес — видео

Бала кезден билебиз, аял киши жылаңачтанып басмак түгүл ич кийимин көрүнөө жайган эмес. Мындай пикирди Жогорку Кеңештин депутаты Курманкул Зулушев парламент жыйынында айтып чыкты. 

“Коомчулуктун дүрбөлөң түшкөнүндө негиз бар. Бир жумадан бери маданиятыбызга жана каада-салтыбызга шек келтирген чуулгандуу көрүнүштөр болуп коомчулук да депутаттар да айтып жатат. Буга укук коргоо органдары кандай баа берүүдө. Коомдук жайда абийрин көрсөтүп жылаңачтанып басуу маданиятпы же укук бузуубу? Бул боюнча бизге  ИИМ маалымат берсин”, — деди Зулушев.

Белгилей кетсек, 28-ноябрда Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт искусство музейинде аялдардын укугун коргоого багыттлаган иш чарада айрым аялдар жылаңач денесин көрсөтүшкөн. Бул көрүнүш  социалдык тармактын колдонуучулары тарабынан кызуу талкууга алынып, айрым активисттер музей жетекчилигинин кызматтан кетүүсүн талап кылып чыгышкан.

2-декабрда Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинин директору Мира Жангарачева кызматтан кеткен.

Кийин бул көрүнүш социалдык тармакта да уланып, айрым адамдар ачык денесин көрсөткөн сүрөттөрүн жарыялашкан.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>