ВИДЕО — Башкы прокурор кыргыз тили өнүгүүсү үчүн кыргызча иш алып бараарын айтты

ВИДЕО — Башкы прокурор кыргыз тили өнүгүүсү үчүн кыргызча иш алып бараарын айтты

Бүгүн, 5-февралда башкы прокурор Курманкул Зулушев жалпыга маалымдоо каражаттарын чакырып, маалымат жыйын берүүдө.

Анда башкы прокурор маалыматты баштан аяк кыргыз тилинде баяндап, суроолорго кыргызча жооп узатууда. Жыйындын жүрүшүндө орус тилдүү журналисттердин бири маалыматтарды орус тилинде да кайталоосун суранды. Буга Зулушев мамлекеттик тилди өнүктүрүү максатында ишти баштан аяк мамлекеттик тилде алып бараарын, кыргыз тилин жыйындагылардын баары жакшы эле түшүнөрүн айтып, сылык түрдө баш тартты.

Белгилей кетсек, башкы прокурор Курманкул Зулушев былтыр ноябрь айындагы маалымат жыйынын дагы баштан аяк кыргызча жүргүзүп, орус тилдүү журналисттердин айрымдары буга нааразылыгын билдирген эле.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>