Өмүрбек Бабанов Финполдо сурак берүүдө

Өмүрбек Бабанов Финполдо сурак берүүдө

Экс-депутат Өмүрбек Бабанов Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматында (Финпол) сурак берип жатат. Бул туурасында коргоо органдарындагы маалымат булагы билдиргенин жергиликтүү маалымат булактары жазып чыгышты.

9-августта Бабанов Кыргызстанга кайтып келген. Аны тарапташтары Бишкектеги «Манас2» аэропортунан тосуп алышкан. Анда Бабанов тарапташтары менен жолугуп жатып, мыйзамдын негизинде бардык нерсеге жооп бере турганын айткан.

“Мен эч нерседен качпайм. УКМК кечээ “Бабанов келсе мыйзам жоопкерчилиген тартылат” деп айтты. Мен түз жүргөн адаммын. Ал эми мени колдоп келгендерге ыраазычылык билдирем”, – деген ал.

Өмүрбек Бабанов өлкөгө кайтарын жарыялаганда УКМК «Бабанов келсе мыйзам чегинде жоопко тартылат» деп билдирүү тараткан. 

Эске салсак, Өмүрбек Бабанов 2017-жылы өткөн президенттик шайлоого катышып, экинчи орунду алган. Андан кийин өлкөдөн чыгып кеткен. 

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>