Кыргызстанда курулуш тармагына насыя берүү 3,5 эсеге өстүКеректөө насыялары банктардын сегиз айдагы насыяларынын 45%ын түздүБишкекте мамкызматкерлерди медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча пилоттук долбоор башталдыКыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя бериштиУлуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлатЕвробиримдик Кыргызстанга билим берүү реформаларын колдоо үчүн дээрлик 600 млн сом бөлдү
Садыр Жапаровдун Азербайжанга болгон иш сапары аяктап, Бишкекке кайтып келди
04.07.2025 | 22:40
Президент Садыр Жапаров 3–4-июлда Азербайжанга болгон иш сапары аяктаганын Президенттик администрациянын маалымат кызматы кабарлады.
Ал Агдам районундагы “Айкөл Манас” мектебинин ачылышына катышып, жергиликтүү тургундарга жаңы үйлөрдүн ачкычтарын тапшырды. Ошондой эле “Жеңиш” шоу-программасын көрүп, Ханкенди шаарында өткөн Экономикалык кызматташтык уюмунун 17-саммитинде сөз сүйлөдү.
Президент климаттык туруктуулук жана экономикалык өнүгүү боюнча биргелешкен аракеттерди күчөтүүгө чакырды.
Иш сапар соңунда Садыр Жапаров 4-июлда Кыргызстанга кайтып келди.
Рубрики: Жаңылыктар
Теги: Садыр Жапаров Азербайжан