Ак-Буура дарыясына унаа кулап, 3 адам каза болду

Ак-Буура дарыясына унаа кулап, 3 адам каза болду

Кара-Суу районунда “Жигули” унаасы  Ак-Буура дарыясына кулап кетип, 3 адам каза болду. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, кырсык 22-июнь күнү кечке маал болгон.

23-июнь күнү окуя болгон жерге 10 куткаруучу  1 экскаватор, 1 кран тартылып, каза болгон 3 эркек адамдын сөөгү жана унаа суудан чыгарылган. Каза болгондордун сөөктөрү жакындарына өткөрүлүп берилген.

Рубрики: ОКУЯЛАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>