2020-жылы коронавирус дүйнөлүк экономиканы 1 трлн доллар жоготууга алып келет

2020-жылы коронавирус дүйнөлүк экономиканы 1 трлн доллар жоготууга алып келет

Ушул жылы коронавирус илдети дүйнөлүк экономиканы 1 трлн доллар жоготууга алып келет. Мындай аналитиканы Oxford Economics жүргүзгөн. Алар бул ооруну «кыска мөөнөттүү курч оору»  деп аташты.  Oxford Economics бул жылы АКШ  менен Европа аймактарында  дагы экономикалык түшүү болорун аныкташты.

Oxford Economics  эки тараптуу аналитика жүргүзүп көрүшкөн. Эгерде коронавирус Азияны гана каптай турган болсо дүйнөлүк экономика 0,4 трлн доллар жоготууга дуушар болот. Башкача айтканда Ички дүң өнүмдүн 0,5 пайызын төмөндөтөт.

Дүйнөнү каптап жаткан бул вирус туризм тармагын дагы аксатат. Анткени эс алуучулар карантинден башка өлкөлөргө барып эс алууга мүмкүнчүлүктөрү жок болот. Эгер туристтер башка мамлекеттерге бара албаса, бири-бири менен алака түзө албаса инвестиция кескин азайып, байланыш токтойт.

Кытайдагы коронавируска байланыштуу чек аранын жабылышы кыргыз экономикасына бир топ таасирин тийгизип жатат. Анткени Бишкектеги «Дордой», «Жунхай», «Мадина» базарларында товарлардын запасы түгөнүп, баа көтөрүлүп жатканын айтылууда. Өз көзүбүз менен көрүп келүү үчүн “REPORTER.KG“ маалымат агенттиги Жунхай базарына барып, Кытайдан товар алып келип иштеген ишкерлерге чек ара ачылганга чейин товардын запасы жетеби? Баа көтөрүлгөн жокпу? Кайсы товарлардын запасы түгөнүүдө? – деген сурамжылоо жүргүзгөнүбүздө товардын запасы аз калганын, баа мурдагыга караганда көтөрүлүп жатканын ишкерлер айтып беришти. Эгерде 1 же 2 айдын ичинде кытай-кыргыз чек арасы ачылбаса орундуктарын жабууга туура келерин билдиришти. Анткени башка мамлекеттерден товар алып келүүгө мүмкүнчүлүктөрү жок экенин белгилешти.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>