•  +(996) 557 67 66 40   
  •  press@reporter.kg
ЖАҢЫЛЫКТАРЭКОНОМИКА

Абылгазиев: Сентябрь айынан баштап мугалимдердин маянасы көтөрүлөт

Үстүбүздөгү жылдын сентябрь айынан баштап мугалимдердин айлык маянасы көтөрүлөт. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кечээ, 24-июлда өкмөттүн маалымат жыйынында айтты.

Абылгазиев айлык маяналарды жогорулатуу – бул өкмөттүн жоопкерчилиги экенин белгиледи.

“2008-жылдан бери көтөрүлбөй келе жаткан Улуттук илимдер академиясынын кызматкерлеринин айлык маянасы 30 пайызга жогорулады. Мамлекеттик кадр кызматынын айлык маянасы көтөрүлдү. Спорт машыктыруучуларынын эмгек акысы 50 пайызга жогорулады. 1-сентябрдан тарта мугалимдердин айлыгы, 1-октябрдан баштап пенсиялар көтөрүлөт”, – дейт өкмөт башчы.

Комментарий кош

Сиздин э-почта сайтта көрсөтүлбөйт. Зарыл түрдө толтуруу керек болгондор *