Атамбаевдин тарапташы Фархад Баабиев камакка алынды

Атамбаевдин тарапташы Фархад Баабиев камакка алынды

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташы Фархад Баабиев бир жарым айга камакка алынды. Бул туурасында ИИМден кабарлашканын «sputnik.kg» жазып чыкты.

Ички иштер министрлиги мекеме аралык иликтөө тобу Кой-Таштагы башаламандык фактысы боюнча териштирүү иштерин жүргүзүп жаткандыгын белгиледи.

«Фархад Баабиев 7-8-август күндөрү массалык башаламандыкка катышканы белгилүү болду. 16-августта ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 264-беренеси боюнча («Массалык баш аламандыкка катышуу») иш козголду. Биринчи Май райондук соту баш коргоо чарасын тандап, ушул жылдын 9-октябрына чейин абакта калтырды», — деп айтылат маалыматта.

Билдирмеде Баабиевдин кайсы абакта экендиги такталган эмес.

ЖМКлардын маалыматы боюнча, ал КСДП партиясынын Ленин районундагы өкүлү катары Атамбаевди коргоого активдүү катышып келген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>