Кыргызстанда РФ Мамлекеттик Думасына шайлоо үчүн төрт шайлоо тилкеси ачылатКыргыз-Кытай технологияларды трансферлөө борборунун филиалы ачылдыКыргызстан менен Корея соода жана инвестиция жаатында кызматташуу меморандумуна кол коюштуБишкекте Гоголь көчөсүнүн бир бөлүгү убактылуу жабылат«Биз өзүбүздүн чоң үйүбүздү куруп жатабыз»: КРСУнун ректору Сергей Волков — университеттин келечеги тууралууБарскоон суусунда балыктардын өлүмү катталды. Учурда иликтөө жүргүзүлүүдө
Көпчүлүк аймактарда 3-5-июлда күндүн катуу ысышы күтүлүүдө
01.07.2025 | 17:00
3-5-июль күндөрү өлкөнүн көпчүлүк аймактарында күндүн катуу ысышы күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Маалыматка ылайык, абанын температурасы жогорулап, күндүз Чүй өрөөнүндө 35…40 градуска, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө 36…41°ка чейин, ал эми Талас облусунда 33…38 грдус жогорулашы мүмкүн.
ӨКМ мындай кургак ысык аба ырайы учурунда чаңкоону кандырып, ысык өткөрүп алуудан сактануу үчүн күндүз күн ачык жерлерде көпкө жүрбөөнү, ошондой эле айыл чарба өсүмдүктөрүн кеңири сугарууну сунуштады.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом