Бүгүн кыргыз-казак акындарынын айтышы башталат. Кимдер катышат?

Бүгүн кыргыз-казак акындарынын айтышы башталат. Кимдер катышат?

Бүгүн Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында кыргыз-казак акындарынын айтышы башталат.

Төкмө акын Алымкул Үсөнбаевдин 125 жылдыгына жана Мамлекеттик тил мыйзамынын 30 жылдыгына карата өтө турган айтыш, 30-31-август күндөрү болот.

Кыргызстан менен Казакстандын акындарынын айтышына 16 төкмө катышат.

Кыргызстан:

– Жеңишбек Жумакадыр;
– Азамат Болгонбаев;
– Асылбек Маратов;
– Амантай Кутманалиев;
– Жылдызбек Төрөканов;
– Баян Акматов;
– Эламан Келдибеков;
– Шайлообек Отунчиев.

Казакстан:

– Айнур Турсунбаева;
– Алтынбек Ибрагимов;
– Балгынбек Имаш;
– Биржан Байту;
– Жандарбек Булгаков;
– Мухтар Ниязов;
– Сырым Ауезхан;
– Нурлан Эсенкулов.

Айтыштын жалпы байге фонду 2 миллион сом жана кыргыз казак акындары үчүн кош байге каралган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>