Бекназаров: Мадумаров бакырчаак, ал Каркыраны казактарга өткөрүп берген

Бекназаров: Мадумаров бакырчаак, ал Каркыраны казактарга өткөрүп берген

Бүгүн, 16-январда Кыргызстындын Малайзиядагы элчиси болуп дайындалган Азимбек Бекназаров маалымат жыйын өткөрдү. Ал журналисттер тарбынан берилген суроолорго жооп берип жатып, Мадумаровдун буга чейин айткандарына да жооп берип өттү.

Бекназаров Мадумаровду бакырчаак деп атап, анын Бакиевдин бийлиги учурунда жасаган иштерин санап берди.

“Мудумаров экөбүз окшош бакырчаакпыз. Айырмабыз — ал мага караганда сулуу, акылдуу анан жаш бакырчаак. Анан өзүн аябай жакшы көрөт, барын өзү билип, башкаларды жекирип турат. А мен акылсыз бакырчаакмын, “Элден сурайлы”, “элге баралы”, “эл эмне дейт” деп турам.

Адахан саясатта мага караганда улураак, Экөбуз бир муштумдай болуп Акаевдин саясатына каршы бирге турганбыз. Ал  мага караганда курч болуп жакшы чабуул койчу.

Биз 2005-жылкы шайлоонун алдында “Акаевге отставка — эл үчүн реформа” деген кыймыл түзгөнбүз. Адахан “Акаевге отставка дейт экенсиңер” деп бизден чыгып кеткен. Анан революция болуп кетти.. Данияр Үсөнов экөө революционер эмеспиз деп жүргөн. Ага карабай Бакиевге кирип курч жигит деп вице-премьерликке мен койдургам. Өкмөткө кирген соң Данияр Үсөнов менен колтукташып кеткен. Айткылачы, 2006-жылдан 2010-жылга чейин Адахандын үнүн уктуңарбы?

Үнүн уккансыңар 3 гана жерде.

Биринчиси, “Ак жол” партиясы менен келип, Каркыра, Көк-Сай Маймак, Токмоктун маңдайындагы жерлерди казактарга өткөрүп берген. Тарыхый документте анын колу турат. 2005-жылга чейин Масалиев, Бекназаров менен жүргөндө каршы болуп турган.

Кыргы-тажик чек арасы боюнча экинчи документте дагы колу бар, азыр Айбалаев менен ызы-чуу болуп жүрөт.

Үчүнчү тарыхый документте дагы колу бар. Ал Ысык-Көлдөгү  4 пансионатты казактарга өткөрүп бергени.

Мына өлкөнүн бүтүндүгүн ким бузуп жатат?

Мындан башка баш мыйзамга Президентти президенттик кеңешме аныктайт деген өзгөртүү киргизишкен. Анысы революция болуп кетип ишке ашпай калды.

Азыркы партиялык шайлоо системасынын автору ким? Жаныш Бакиев, Максим Бакиев, Медет Садыркулов жана Адахан Мадумаров болгон.

Эми 9 пайызды 3 пайызга түшүрүү керек кыйкырып жүрөт”, – деди Азимбек Бекназаров.

Эске салсак, Азимбек Бекназаров президент Сооронбай Жээнбековдун жарлыгы менен үстүбүздөгү жылдын 26-декабрында Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси болуп дайындалган.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>