Бишкек-Балыкчы поезд каттамы калыбына келтирилди

Бишкек-Балыкчы поезд каттамы калыбына келтирилди

Бишкек-Балыкчы каттамы боюнча поезд кыймылы калыбына келтирилди. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» ишканасынан билдиришти.

Темир жолчулар оңдоо иштерин жүргүздү. Учурда тиешелүү комиссия окуяны иликтеп жатат.

Кечээ, 12-август  түнү Токмок шаарында эки поезд кагыша кетип, вагондор рельстен чыгып кеткен. Маалыматка ылайык, локомотив Токмоктогу айнек заводунан вагондорго кум жүктөп бараткан. Темир жолдо келе жаткан локомотив алдыда токтоп турган теплозду барып сүзгөн. Натыйжада жүрүп бараткан эки вагон рельстен чыгып кетип, бир адам жабыркаган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>