Бишкек-Ош багытындагы учактын стюардессалары англисче гана сүйлөйбү?

Бишкек-Ош багытындагы учактын стюардессалары англисче гана сүйлөйбү?

Бишкек-Ош багыты боюнча каттаган «Эйр Манас» авиакомпаниясынын учугандагы стюардессалар кыргызча дагы  орусча дагы билишпейт.

Бул тууралуу Бишкек шаардык кеңешинин экс-депутаты Жусупбек Коргонбай уулу  “Фейсбуктагы” баракчасына жазыды.

“Стюардессалар жүргүнчүлөр менен англис тилинде гана баарлашып жатышты, андан улам учактагы жарандар үчүн ыңгайсыздыктар пайда болду. Көрсө учак грециялык ишканага таандык экен. Жергиликтүү рейстер биринчи кезекте кардарлардын кызыкчылыгы үчүн иш алып баруусу абзел, бирок бул көрүнүш тескеринче жагдайды туудурууда. Бул абдан өкүнүчтүү”,  — деп жазган ал.

Reporter.kg маалыматты тактоо үчүн «Эйр Манас» авиакомпаниясынын директорунун орун басары Данияр Арынов менен байланышканда, ал маалыматты ырастаган да четке каккан да жок.

“Мен сизди түшүндүм. Бизге расмий кат жазгыла, оозеки айтсак кеп башка багытка бурулуп кетип жатат”, — деп жооп берди Арынов.

Белгилей кетсек, былтыр октябрь айында “Эйр Манас” авиакомпаниясынын учагы бузулуп калганы белгилүү болгон.  Мындан улам алар  грек компаниясына таандык учакты убактылуу жалдаган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>