Бишкекте Өмүрзаков атындагы стадиондун тегерегиндеги көчөлөр футболго байлаштуу жабылат

Бишкекте Өмүрзаков атындагы стадиондун тегерегиндеги көчөлөр футболго байлаштуу жабылат

Бүгүн Улуттук курама команда 2022-Дүйнө жана 2023-жылы Азия Кубогуна тандоо турунун алкагында Мьянма курамасы менен беттешет.

Оюн Бишкекте Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо саат 20:30да башталат.

Оюнга байланыштуу Бишкекте бир катар көчөлөр жабылат. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.

Саат 18:00дөн тарта стадиондун тегерегиндеги Тоголок Молдо көчөсү Чүй проспектисинен Фрунзе көчөсүнө чейин, Фрунзе көчөсү Исанов көчөсүнөн Орозбеков көчөсүнө чейин тосулат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>