Бишкекте 39 жаштагы Сулайманкул Халбеков 3 айдан бери дайынсыз болууда. Милиция табууга жардам сурайт

Бишкекте 39 жаштагы Сулайманкул Халбеков 3 айдан бери дайынсыз болууда. Милиция табууга жардам сурайт

Бишкекте 39 жаштагы Сулайманкул Халбеков изделүүдө, ал Чехов көчөсүндө жайгашкан үйүнөн өткөн жылдын 31-декабрында чыгып кеткен боюнча кайрылып келген эмес. Бул тууралуу Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматынан билдиришти.

Кийген кийимдери: кара куртка, кара спорттук бут кийим жана көк шым, башына кара кепка «Кыргыз» деген кызыл жазуусу бар.

Белгилери: бою болжол менен 170 сантиметр, көзү күрөң, чачы кара түстө, кыска кыркылган. Өзгөчө белгилери: оң колунда күйүктүн шрамы бар.

Бул факты Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгына Кылмыштардын жана жооруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Милиция кызматкерлери Сулайманкул Халбековду табууга жана ал жөнүндө кандайдыр бир маалыматтар болсо кабарлап коюуга жардам сурайт.

Байланыш номурлары: 0552102307, 0703102261, 0312566043 жана 102.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>