Видео — Бишкекте таксистке кол салган эки кылмышкер кармалды  

Видео — Бишкекте таксистке кол салган эки кылмышкер кармалды  

Милиция кызматкерлери таксисттин өмүрүнө кол салган кылмышкерлерди изин суутпай кармады. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка караганда, шектүүлөр 28 жаштагы таксистти 28-октябрь күнү Калыс-Ордо конушунан кол салышкан.

«Алар таксистти жаңы конуштардын бирине жеткирүүнү суранышкан. Калыс-Ордо жаңы конушуна жете бергенде алар таксистке бычак тактап, 7 миң сомун жана “Редми” үлгүсүндөгү телефонун тартып алышкан. Андан соң алар таксисттин оозун жана буту-колун скотч менен ороп, камыштын арасына таштап салышкан», — деп жазылат маалыматта.

Бул факты “Тоноо” беренеси менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Кармалгандардын бири 22 жаштагы М.Т. Нарын облусунун тургуну, ал эми экинчиси С.Н. аттуу Жалал-Абад облусунун тургуну болгон. Учурда алар убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>