Бишкекте унаа кырсыгынан эки адам каза болду — сүрөт

Бишкекте унаа кырсыгынан эки адам каза болду — сүрөт

Бишкектеги айланма жолдогу жол кырсыгы эки кишинин өмүрүн алды. Чүй облустук жол коопсуздук кызматынын өкүлүнүн маалыматына ылайык,  кырсык 18-январь күнү эртең менен саат 06.50дө болгон.

» Daewoo Tico жана Daewoo Nexia унаалары кагышыптыр. Окуя болгон жерде биздин кызматкерлер иштеп жатат. Кырсыктын кесепетинен Daewoo Tico унаасындагы эки адам каза болгон. Учурда кырсыктын чоо-жайы такталууда, толук маалымат эртең менен берилет», — деди мекеменин өкүлү.

Кырсыктын сүрөттөрүн жарандык активист Болот Ибраимов» «Инстаграмдагы» баракчасына жүктөдү.

Белгилей кетсек, кечээ 18-январда Бишкектин Элебесов жана Тульский көчөлөрүнүн кесилишиндеги жол кырсыгы катталып, үч адам каза болду.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>