Чечен лидери кызматын убактылуу өткөрүп берди

Чечен лидери кызматын убактылуу өткөрүп берди

Рамзан Кадыров убактылуу ишке жарамсыздыгына байланыштуу  Чеченстандын башчысы кызматынан  кетти. Чеченстандын расмий сайтындагы малыматка ылайык, мамлекет башчынын милдетин аткаруу өкмөт башчы Муслим Хучиевге жүктөлгөн.

 “Чечен Республикасынын Конституциясынын 76-беренесине ылайык 2020-жылдын 13-январынан баштап Чечен Республикасынын башчысынын милдетин аткарууну Чечен Республикасынын өкмөтүнүн төрагасы Хусеив Муслим Магомедовичке тапшырам”, – деп айтылат Кадыровдун расмий маалыматында.

Эске салсак, Муслим Хучиев 2019-жылдын феварль айында Рамзан Кадыровдун милдетин аркалаган. Ал убакта Кадыров Бириккен Араб эмирлигине барып, коргонуу боюнча эл аралык көргөзмөгө катышкан.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>