•  +(996) 557 67 66 40
  •  press@reporter.kg
ЖАҢЫЛЫКТАРКООМ

Коронавирус боюнча ачылган эсепке дарыгерлер маянасын которушууда делген маалымат жалган

Дарыгерлер коронависка байланыштуу эсепке бир күндүк эмгек акысын которуп жатыптыр деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу бүгүн, 24-марттагы брифинг учурунда коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Анын айтуусунда, коомчулукта бир топ такталбаган маалыматтар тарап жатат.

“Дарыгерлер – биздин жарандар, мамлекет үчүн негизги ресурсубуз. Биз аларды сыйлайбыз жана баалайбыз. Медицина кызматкерлерин бардык жетишпеген нерселерин камсыздап беребиз. Биздин өмүрдү сактап калып жаткандарды кантип эмгек акыңарды бөлгүлө деп мажбурламак элек”, – деп белгиледи Акматова.

Мындан тышкары Акматова дарыгерлерди жеке коргоо каражаттары менен камсыздалышы тууралуу: Ош жана Жалал-Абад облустарына кечээ күнү 1200, бүгүн 1400 даана беткап жана көз айнек комплектери жөнөтүлгөнүн айтты.

 

Комментарий кош

Сиздин э-почта сайтта көрсөтүлбөйт. Зарыл түрдө толтуруу керек болгондор *