Финпол бирдиктүү эсепке 21 миллион сом которду

Финпол бирдиктүү эсепке 21 миллион сом которду

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы (Финансы полициясы) Бирдиктүү депозиттик эсепке кезектеги 20 миллион 965 миң 955 сом өлчөмүндө акча которду. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады.

Жалпысынан аталган мекеме 1 жыл ичинде бирдиктүү депозиттик эсепке 738 миллион 441 миң 12 сом которгон.

Мекемеден билдиришкендей, бул акчалар экономикалык жана кызматтык кылмыштар аркылуу мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруудан келип түшкөн акча каражаттар.

Эскерте кетсек, 2018-жылдын 3-июлунда коррупциялык иштердин айынан мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу үчүн атайын эсеп ачылган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>