•  +(996) 557 67 66 40   
  •  press@reporter.kg
ЖАҢЫЛЫКТАРКООМ

Илим Карыпбековдун тай энеси каза болду

Коомдук каналдын мурдагы директору Илим Карыпбековдун тай энеси каза болду. Бул тууралуу Карыпбеков өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына жазды. 

“Бүгүн тайенем биз менен 88 жашында коштошту. “Мен каза болгондо ыйлабагыла” – деп баарыбызга ыраазы болуп, коштошуп кетти. Сөөгү 3 октябрда Талас облусундагы Талас районунун Балбал айылында жерге берилет”, – деп жазды ал.

Белгилей кетсек, Илим Карыпбеков Фейсбуктагы өзүнүн баракчасына тай энеси менен болгон ар кандай темадагы сүйлөшүүлөрдүн видеосун жарыялап келчүү. Жашы улгайып калганына карабай коомдук жана саясий көрүнүштөргө карата айткан өзгөчө пикирлери менен  тай эне социалдык тармактын колдонуучуларына тегиз таанылган эле.

Комментарий кош

Сиздин э-почта сайтта көрсөтүлбөйт. Зарыл түрдө толтуруу керек болгондор *