Камактан качкан 26 жаштагы жаран кармалды

Камактан качкан 26 жаштагы жаран кармалды

Бишкектеги Биринчи Май РИИБинин №5 шаардык милиция бөлүмүнөн качып кеткен шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу шаардык милициянын маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, шектүү Э.Б. аттуу жаран 30-июндан 1-июлга караган түнү Ош базардын аймагынан кармалган. Ал Бишкек шаардык Ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Эскерте кетсек, шектүү Баткен облусундагы Лейлек районунун 26 жаштагы тургуну. Ал 27-июнда саат 15:00 чамасында Биринчи Май РИИБинин №5 шаардык милициянын бөлүмүнөн качып кеткен.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>