Корей депутаты Кыргызстанды Борбор Азия рыногуна чыгуудагы маанилүү өнөктөш катары атадыКыргызстанда соттолгондорго кайрадан ырайым берүүгө уруксат берүү каралууда — жаңы эрежелерБишкекте Ак илбирс күнүнө карата интерактивдүү AR-квест өтөтФранция жалында: социалдык нааразылыктар кантип массалык башаламандыкка айландыАдылбек Касымалиев социалдык коргоо жана кесиптик бирликтер кызматкерлерин куттуктадыМамлекеттик туунун авторлорунун бири Эдил Айдарбеков дүйнө салды
Медер Абакиров Армениянын Кыргызстандагы элчисин кабыл алды
03.07.2025 | 15:59
Тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров Армениянын Кыргызстандагы элчиси Армен Гевондянды кабыл алды. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө саясий кызматташтык, анын ичинде өз ара сапарларды уюштуруу, ошондой эле Кыргызстан менен Армениянын ортосундагы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланган.
Мындан тышкары, тараптар эл аралык жана аймактык күн тартибиндеги маселелер, ошондой эле эл аралык уюмдардын алкагындагы өз ара аракеттенүү тууралуу сүйлөшүшкөн.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат