Кантта Honda Odyssey`дин айдоочусу жөө жүргүнчүнү сүзүп, качып кеткен — видео

Кантта Honda Odyssey`дин айдоочусу жөө жүргүнчүнү сүзүп, качып кеткен — видео

Кантта «Honda Odyssey» маркасындагы (08 KG 516 AFS мамлекеттик номурдагы» автоунаасынын айдоочусу жолдогу адам өтүүчү чийинде өтүп бараткан кишини сүзүп, жеринен качып кеткен. Бул тууралуу Reporter.kg`ге күбөлөр билдирди.

Күбөнүн айтуусунда, айдоочу оң жакка бурулуп жатып жолдогу чийинде өтүп бара жаткан адамды байкабай сүзүп алды.

«Жол кырсыгына кабылган адамды жанындагы жол жээгинде турган таксинин айдоочусу өйдө тургузуп, четке алып чыкты. Арадан 2-3 мүнөт өткөндөн кийин «Honda Odyssey`дин» айдоочусу унаасына отуруп, кырсык болгон жерден изин жашырып кетип калды. Окуя болгон жерге тез жардам кызматы жана Жол кыймылын көзөмөлдөө органдарынын өкүлдөрү чакырылып, кырсыкка кабылган адамды дарыгерлер текшерүүгө алышты. Дарыгерлер кырсыктаган адамдын «баш мээси чайкалган» деген диогноз коюшту», — деп билдирди күбө.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>