Коронавирусту бийликтегилер ойлоп тапкан деп маалымат тараткан адам кармалды

Коронавирусту бийликтегилер ойлоп тапкан деп маалымат тараткан адам кармалды

Ош облусунун Араван районунда коронавирусту бийликтегилер атайын ойлоп тапкан деп жалган маалымат тараткан 37 жаштагы адам кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирет.

Ал ооруга каршы вакцина бар экен, аны сайдырбагыла деген жалган маалыматтарды тараткан. Кармалган соң жалган маалыматка ишенип, аны тараткандыгын мойнуна алып, жалпы элден кечирим сурады.

Анын ишине юридикалык баа берилет.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жалган маалымат тараткандар мыйзам чегинде жоопко тартыларын эскертет.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>