Кыргызстан менен Казакстандын премьер-министрлери кол койгон документтердин тизмеси

Кыргызстан менен Казакстандын премьер-министрлери кол койгон документтердин тизмеси

Казакстандын премьер-министри Аскар Маминдин Кыргызстанга болгон расмий сапарынын жыйынтыгы боюнча 8  документтке кол коюлду. Бул тууралуу Өкмөттүк аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Кол коюлган документтердин тизмеси:

  • “Элет Агрохолдинг” ЖЧК жана “Continental Agro Trade” ЖЧШ ортосундагы айыл-чарба продукциясын соода-сатык жаатында кызматашуу жана өз ара түшүнүү жөнүндө меморандум;
  • “Хайтун» ЖЧК жана «Continental Agro Trade” ЖЧШ ортосундагы айыл-чарба продукциясын соода-сатык жаатында кызматашуу жана өз ара түшүнүү жөнүндө меморандум; 
  • “Дордой Базары” ЖЧК жана “Continental Agro Trade” ЖЧШ ортосундагы айыл-чарба продукциясын соода-сатык жаатында кызматашуу жана өз ара түшүнүү жөнүндө меморандум; 
  • АК “ЭСК «KazakhExport”, ЖЧШ “AAEngineering Group” жана ЖЧШ “Глобал Джамгыр Майнинг” ортосундагы кызматташуу жөнүндө келишим;
  • ДАМУ” “Ишкердикти өнүктүрүү фонду” АК менен “Кепилдик фонду” ААК ортосундагы өз ара түшүнүү жөнүндө меморандум;
  • Кыргызстандын Мамлекеттик салык кызматы  жана Казакстандын Финансы министрлигинин Мамлекеттик кирешелер комитетинин ортосундагы эки тараптуу экономикалык кызматташуу жана салык башкаруу иш-аракеттер планы;
  • Кыргызстандын Транспорт жана жолдор министрлиги менен Казакстандын индустрия жана инфраструктуралык өнүгүү министрлигинин ортосундагы инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу жаатында кызматташуу жөнүндө меморандум;
  • VIII кыргыз-казак Өкмөт аралык кеңештин протоколу;
  • 2012-жылдын 11-майындагы кыргыз жана казак жарандарынын эки өлкөнүн жарандарын аймагында болуу тартиби жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протокол.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>