Кыргызстанда кийинки футбол оюндары күйөрмансыз өтүшү мүмкүн

Кыргызстанда кийинки футбол оюндары күйөрмансыз өтүшү мүмкүн

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова Дүйнө чемпионаты-2022 жана 2023-жылдагы Азия Кубогунун жолдоштук жана тандоо матчтарына Кыргызстандын футбол боюнча курама командасын даярдоо жана катышуусун уюштуруу комитетинин жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттөн кабарлашты.

Жыйында стадиондо коомдук тартипти камсыздоо, кысылыштын алдын алуу, стадионго билетсиз киргендерге жол бербөө маселелери талкууланды. Оюндар өткөн күндөрү милиция кызматкерлери тарабынан бир катар көчөлөрдө унаа кыймылы жабылат.

Кыргыз Футбол федерациясынын төрагасы маалымдагандай, федерация өткөн оюндагы эреже бузууларга тийиштүү FIFA дисциплинардык комитетинин чечимин күтүп жатат. Кыргызстан жана Мьянманын курамаларынын ортосундагы беттеш учурунда күйөрмандардын бири оюн талаасына чуркап чыккан. Эми Футбол федерациясы бул окуя үчүн санкция күтүүдө, анын ичинде комитет акчалай айып же оюндарды стадиондо күйөрмандардын катышуусу менен өткөрүүгө тыюу салуусу мүмкүн.

Алтынай Өмүрбекова эске салгандай, акыркы жылдары өлкөдө футбол өнүгүүдө жана спорттун бул түрүнө болгон кызыгуунун өсүшү байкалууда.

«Дүйнө чемпионатынын тандоо баскычынын оюндарын өткөрүүдө Кыргызстанга атаандаштар гана эмес, алардын күйөрмандары, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү да келишет. Ошондуктан стадионду иретке келтирип, коопсуздук чараларын талаптагыдай камсыз кылуу керек», — деди Өмүрбекова.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>