Кыргызстандык Асель жолдошу экөө Японияда ресторан ачып, бирок анын ачылышына эч ким келбегенине ыйлады — видео

Кыргызстандык Асель жолдошу экөө Японияда ресторан ачып, бирок анын ачылышына эч ким келбегенине ыйлады — видео

Кыргызстандык Аселдин ыйлап жатканда тартылган видеосу социалдык тармакка тарады. Ал жолдошу экөө Японияда ресторан ачып, бирок анын ачылышына эч ким келген эмес. Бул тууралуу «Баракелде» жазды.

Асел менен Теру Минагава Фукуока шаарында жашашат. Алар көптөн бери ресторан ачууну кыялданып жүрүшкөн. Жубайлар ресторан ачуу үчүн бардык күчүн жумшашкан. Алар ачылыш аземге даярданып жаткан учурду социалдык тармакка жарыялашты. 29-ноябрда ресторан ачылды.

Асел социалдык тармактагы баракчасына: «Биз кардарларыбызга эшигибизди ачтык. Бардыгын чын жүрөгүбүз менен жасадык, азык-түлүктөр сапаттуу. Достор, кыялын ишке ашыра алган адамды көрүүгө келгиле», — деп жазды.

Асел менен Теру кардарларды күтүшкөн, бирок бул күнү ресторанга эч ким келген эмес.

«Мунун баарын кантип таштамак элек, үйгө алып кетем. Конокторду абдан күткөм», — деген Асел көзүнө жаш алганын көрүүгө болот.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>