Кыргызстандык жаран коронавирус жуктуруп алганы аныкталды

Кыргызстандык жаран коронавирус жуктуруп алганы аныкталды

Жапонияда коронавирустан улам карантинге алынган Diamond Princess саякат кемесинде вирусту жуктуруп алган 67 адамдын арасында кыргызстандык жаран дагы бар. Бул тууралуу World of Cruising журналы жазып чыкты.

Жапониянын Саламаттык сактоо министрлиги бул маалыматты 15-февралда тастыктап, коронавирус жуктурган 67 адам ар кайсы улуттун өкүлдөрү экенин маалымдаган.

«Австралиядан 5 , Канада 3, Германия 2, Гонконг 1, Кыргызстан 1, Индия 2, Жапония 27, Филиппин 17, Тайван 1,  АКШнын 5 жараны коронавирусту жуктуруп алган. Алар учурда Жапониянын Саламаттык сактоо министрлигинин көзөмөлүндө», — деп жазылат маалыматта.

Белгилей кетсек, 5-февралдан бери Йокохама портунда токтоп турган кеменин ичинде 3 400 адам болгон, ал эми коронавирус жуктургандардын саны 450гө жеткени айтылат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>