Кыргызстанга Кытайдан башка дагы 3 мамлекеттен келген жарандар карантинге алынат

Кыргызстанга Кытайдан башка дагы 3 мамлекеттен келген жарандар карантинге алынат

Кыргызстанга Түштүк Корея, Иран, Италия мамлекеттеринен келген жарандар Кытайдан келгендер менен катар эле карантинге алынууда. Бул тууралуу Өкмөттүн коронавирустун алдын алуу штабынын жыйынында маалымдалды.

Мындай чара Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун жаңы талабына байланыштуу киргизилген.

Маалыматка ылайык, учурда Кыргызстанда коронавируска чалдыккандар жок. Медициналык мекемелерде 143 адам көзөмөлдө, ал эми 391 адамга жашаган жериндеги медициналык кызматкерлер көз салып турушат. Өлкөнүн бардык чек араларындагы өткөрмө бекеттер күчөтүлгөн режимде иштеп жатышат.

Жыйында коронавирус оорусу, анын жайылуусу жөнүндө элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, Кытай менен чек аранын жабылуусунан улам өлкөдө экономикалык көрсөткүчтүн төмөндөп кетүүсүнө, дары-дармек жана азык-түлүк баалары жөнсүз көтөрүлүүсүнө жол бербөө тууралуу тапшырмалар берилди.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>