16-сентябрга карата Кыргызстандагы аба ырайынын божомолуКыргызстанда РФ Мамлекеттик Думасына шайлоо үчүн төрт шайлоо тилкеси ачылатКыргыз-Кытай технологияларды трансферлөө борборунун филиалы ачылдыКыргызстан менен Корея соода жана инвестиция жаатында кызматташуу меморандумуна кол коюштуБишкекте Гоголь көчөсүнүн бир бөлүгү убактылуу жабылат«Биз өзүбүздүн чоң үйүбүздү куруп жатабыз»: КРСУнун ректору Сергей Волков — университеттин келечеги тууралуу
Балага ата-энесинин бирөөсүнүн уруксаты менен эле паспорт берүү сунушталды
26.04.2024 | 18:20
Бой жеткен жаранга ата-энесинин бирөөсүнүн уруксаты менен эле паспорт берүү зарыл. Бул тууралуу “Альянс” фракциясынын жыйынында депутат Айсулуу Мамашева билдирди.
Анын айтымында, ажырашып кеткен үй-бүлөнүн балдары кээде паспорт алууда кыйынчылыктарга дуушар болот.
“Ал үчүн ата-эненин экөөнүн тең уруксаты керек болот. Биз баланын укугун чектеп жатабыз. Ал өзүнүн үй-бүлөлүк шартына карабай паспорт алыш керек. Андыктан бирөө арызы менен документ берилиши шарт. Бул норма биз сунуштап жаткан мыйзам долбоорунда бар”, – деди депутат.
Белгилей кетсек, “Альянс” фракциясы алимент маселесин талкуулады.
Атасыз өскөн муун. Бир жылда 35 миң баланы расмий никеси жок аял төрөгөн
Рубрики: Жаңылыктар, Коом