•  +(996) 557 67 66 40   
  •  press@reporter.kg
ЖАҢЫЛЫКТАРКООМ

Кытай Кыргызстандан жөнөтүлгөн гумжардамды тосуп алды — сүрөт

Кытайдагы коронавирустун жайылышына каршы аракеттерди колдоо иретинде Кыргызстандан жөнөтүлгөн гуманитардык жардамды коңшу өлкөнүн өкүлдөрү тосуп алышкан. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, 7 тоннадай жүк Кытай тараптын суроо-талабына ылайык даярдалган. Гумжардамдын ичинде антисептикалык жана зыянсыздандыруучу жана жеке коргоочу медициналык каражаттар бар. 

Жүктү ӨКМдин кызматкерлери кыргыз-кытай чек арасындагы “Торугарт” өткөрмө пунктуна чейин жеткиришкен.

Комментарий кош

Сиздин э-почта сайтта көрсөтүлбөйт. Зарыл түрдө толтуруу керек болгондор *