Маданият министрлиги: Эми куудулдардын сахнадагы сатираларын атайын комиссия көзөмөлгө алат

Маданият министрлиги: Эми куудулдардын сахнадагы сатираларын атайын комиссия көзөмөлгө алат

Көркөм эксперттик комиссия куудулдардын сахнадагы программаларын текшерүүгө алат. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Кайрат Иманалиев билдирди.

Буга чейин социалдык тармактарда куудул Тынар Курбаналиевдин  чыгармачылык сатирасына карата чара көрүү жөнүндө кайрылуу жазылган. Мындан улам Маданият министрлиги сахналык маданиятка ылайык келбеген сатираларга чара колдонуу боюнча Көркөм эксперттик комиссия иш алып бара тургандыгын маалымдашты.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>