Масалиев: Азыркы бийлик системасы ыпылас

Масалиев: Азыркы бийлик системасы ыпылас

Жогорку Кеңештеги “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын  депутаты Исках Масалиев күздө болуучу парламенттик шайлоого кызуу даярдыктар башталганы тууралуу Фейсбук баракчасына билдирүү жазды.

Эл өкүлү алдыдагы шайлоодо элди өз добуштарын сатпоого чакырып өткөн.

“Парламенттик шайлоо негизинен башталды десек болот. Тигинде, мында аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө берилип жаткан белектердин элжиреткен сүрөттөрүн көрүүдөбүз.

Кимдир-бирөө таштанды тазалап анысын  Фейсбукка  жүктөйт, башкалары өздөрүнүн КЫЗМАТТЫК жолугушууларын бүтүндөй өлкөгө жар салууда.

Айрымдар Президентке жакындоого далбастап жатат (балким өзүнүн жакшы көргөн партиясынын тизмесине кошуп калаар). Москва, Вашингтон, Батыш менен Чыгышка умтулгандар да бар . Айрымдар болсо чек арадагы көйгөйдү жалгыз эле чече салам деп убуда берүүдө. Эң коркунучтуусу — көптөгөн карапайым жарандардын буга ишенип алганы.

“120 депутаттын бары кайра парламентке келишеби” деген суроону беришүүдө. Жок. Тажрыйба көрсөткөндөй, кези келгенде 30% жетпегени келет.

Эмне кылабыз? Добуштарды сатпаш керек. Бул кыйын, төңкөрүш эле болбосо башка жол жок. Андай болгон күндө да кайра эле бийликти басып алган бир ууч топ бийликти бекемдөөгө жанталашат. Өткөнү өттү. Азыркы бийлик системасы — ыплас жана анда элдин эркиндигин сезишпейт.

Кыскасы достор, күзгө, 2020нын аптаптуу күзүнө  даярданабыз», — деп жазган Исках Масалиев.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>