Медиктер боюнча жалган маалымат тараткандарга чара көрүлөт

Медиктер боюнча жалган маалымат тараткандарга чара көрүлөт

Медицина кызматкерлерин өздөрү менен кошо кургак тамак-аш жана коргонуучу кийим камдап алууга талап кылынууда делген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

“Медицина кызматкерлеринин биримдигин бузууга багытталган маалыматтарды тараткандар аныкталып, кийинки чараларды көрүү үчүн тийиштүү органдарга берилет. Биздин медиктер – биздин жарандарыбыздын өмүрү жана ден соолугу үчүн күрөшүүдө өлкөнүн башкы ресурсу, биз аларды урматтайбыз, баалайбыз жана бардык керектүү каражаттар менен камсыздап жатабыз”, — деди ал.

Буга чейин интернетте Ош жана Жалал-Абад облустарына бригада менен жөнөтүлүп жаткан медиктерди өзү менен кошо кургак тамак-аш жана коргонуучу кийим камдап алууга талап кылышууда деген маалымат тараган.

сүрөт: Sputnik / Табылды Кадырбеков 
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>