Министр Жаманкулов: Жангарачеваны кызматына кайтаруу маселесин карап чыгууга даярбыз

Министр Жаманкулов: Жангарачеваны кызматына кайтаруу маселесин карап чыгууга даярбыз

Мира Жангарачеваны Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинин жетекчилигине кайра кайтаруу маселесин карап чыгууга даяр экендигин Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов  Vesti.kg сайтына билдирген.

“Биз музейдин жамааты менен Сүрөтчүлөр кеңешинин Жангарачеваны кызматына кайтаруу жөнүндө кайрылууларын ала элекпиз. Андыктан күн тартибинде бул маселе жок. Эгерде документтер түшсө биз бул маселени карап чыгууга даярбыз”, — деген Жамангулов.

Белгилей кетсек, 28-ноябрда Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт искусство музейинде аялдардын укугун коргоого багыттлаган иш чара башталган.

Анда айрым кыздар жылаңач денесин көрсөтүшкөн. Бул көрүнүш  социалдык тармактын колдонуучулары тарабынан кызуу талкууга алынып, айрым активисттер музей жетекчилигинин кызматтан кетүүсүн талап кылып чыгышкан.

2-декабрда Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинин директору Мира Жангарачева кызматтан кеткен.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>