Президент Бизнес-акыйкатчы Робин Орд-Смит менен жолугушту

Президент Бизнес-акыйкатчы Робин Орд-Смит менен жолугушту

Бүгүн, 18-февралда президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн Бизнес-акыйкатчысы Робин Орд-Смит менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин аппаратынан билдиришти.

Жолугушууда өлкөнүн бизнес субъекттеринин укуктарын жана эркиндиктерин коргоо системасын өркүндөтүү чаралары тууралуу пикир алмашуу болду.

Мамлекет башчысы Робин Орд-Смитти Бизнес-акыйкатчы институтунун ийгиликтүү ишке киргизилип, толук кандуу иштеп башташы менен куттуктады.

Сооронбай Жээнбеков ишкерлер көтөргөн негизги көйгөйлөрдүн бирин айтты.

«Бизнес чөйрө менен фискалдык жана укук коргоо түзүмдөрүнүн ортосундагы түшүнүшүүнүн жана натыйжалуу координациянын жок болуп жатканы, ошол себептүү ишкерлер бизнес чөйрөсүндө акыбал начарлап, өлкөдөн инвестиция чыгып кетип жатат», — деди өлкө башчы.

Бизнес-акыйкатчы Робин Орд-Смит көрсөткөн ишеними үчүн Президентке ыраазычылык билдирип, бул иште өлкөнүн жогорку жетекчилигинин колдоосу өтө маанилүү экенин белгиледи.

«Бизнес-акыйкатчы институтун чет өлкөлүк жарандын жетектеп жатканы — өлкөнүн тышкы инвестицияларга ачык экенинин көрсөткүчү», — деген пикирин билдирди Робин Орд-Смит.

Ал ишкерлердин мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо үчүн укуктук кепилдиктерди камсыз кылууга жана алардын мамлекеттик органдар тарабынан сакталышына бардык күч-аракеттерин жумшарына ишендирди.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>