Сүйүнчү! Айсулуу Тыныбекова алтын медал утуп, дүйнө чемпиону болду (видео)

Сүйүнчү! Айсулуу Тыныбекова алтын медал утуп, дүйнө чемпиону болду (видео)

Кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбекова Нур-Султан шаарында өтүп жаткан Күрөш боюнча дүйнө чемпионатында биринчи жолу алтын байге утту.

Ал финалдык беттеште Болгариялык балбан Тайбе Мустафа Юсейнди 5:3 эсеби менен жеңип, дүйнө чемпиону болду.

19-сентябрда Тыныбекова эки беттеш өткөргөн.  Чейрек финалда украиналык Юлия Ткач Остапчукту, 9:6 эсебинде жеңип алып жарым финалга чыккан. Жарым финалда түндүк Кореялык Жоң Сим Римди 7:0 эсебинде жеңип алып, 2020-жылы Токиодо өтө турган олимпиада оюндарына жолдомону утуп алган.

16-сентябрдан бери Казакстандын Нур-Султан (мурдагы Астана) шаарында  кыз келиндер арасында  күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугу өтүп жатат. Мелдеш 22-сентябрда жыйынтыкталат.

Кошумчалай кетсек, Кыргызстандын эгемен тарыхында кыз келиндер күрөшү боюнча алтын байген биринчи жолу Айсулуу Тыныбекова утуп, дүйнө чемпиону болду.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>