•  +(996) 557 67 66 40   
  •  press@reporter.kg
ДҮЙНӨДӨНЖАҢЫЛЫКТАР

Шавкат Мирзиёев кылганына өкүнүп, туура жолго түшкөн камактагы 65 адамга ырайым берди

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев өлкөнүн Эгемендүүлүк күнүнүн алдында «Кылганына өкүнүп, туура жолго түшкөн камактагыларга ырайым берүү тууралуу» жарлыкка кол койду. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары билдирди.

Жарлыкка ылайык, жалпысынан 65 жаранга ырайым берилет. Алардын ичинен 17 адам жазадан толук бошотулса, 13ү шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда эркиндикке чыгарылат. Мындан тышкары 20 жарандын жазасы жеңилдетилип, 14 адамдын жаза мөөнөтү кыскартылат. Дагы бир адам жатак абакка чыгат.

Ырайым берилген жарандардын арасында төрт аял, 60 жаштан ашкан бир адам, чет өлкөнүн бир жараны жана тыюу салынган уюмдардын ишмердүүлүгүнө катышкан 39 адам бар.

Акыркы үч жылдын ичинде Өзбекстанда жети жолу мунапыс жарыяланып, жалпысынан 3 952 адамга ырайым берилди.

Комментарий кош

Сиздин э-почта сайтта көрсөтүлбөйт. Зарыл түрдө толтуруу керек болгондор *