Штаб: Бирдиктүү салык декларациясын тапшыруу мөөнөтү жылдырылды

Штаб: Бирдиктүү салык декларациясын тапшыруу мөөнөтү жылдырылды

Физикалык жана жеке жактардын бирдиктүү салык декларациясын тапшыруунун мөөнөтү 2020-жылдын 1-сентябрына чейин узартылды. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Кыргызстандын айрым аймактарында өзгөчө абал киргизилгендигине байланыштуу Республикалык штабдын чечими менен салык төлөөчүлөр үчүн бир катар салыктык жеңилдетүүлөр киргизилүүдө.

«Мамлекеттик салык кызматы айрым учурларды кошпогондо ишкерлик субъектилерин салыктык текшерүү ишин, ошондой эле буга чейин башталган көчмө текшерүү жумуштарын токтотмокчу.
Салык процедураларын фискалдаштыруунун алкагында бир катар долбоорлорду ишке киргизүүнүн, аны менен бирге электрондук эсеп-фактураларын жана мунайзат продуктуларына товардык-транспорттук электрондук коштоочу кагазды милдеттүү түрдө колдонуунун, 2020-жылдын 1-июлуна чейин виртуалдык көзөмөл-кассалык машиналарды сыноонун мөөнөтүн жылдыруу чечими кабыл алынды», — деп жазылат маалыматта.

Белгилей кетсек, буга чейин физикалык жана жеке жактардын бирдиктүү салык декларациясын тапшыруунун мөөнөтү ушул жылдын 1-апрелине чейин тапшыруу коюлган болчу.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>