Сооронбай Жээнбеков Режеп Тайип Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөштү

Сооронбай Жээнбеков  Режеп Тайип Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөштү

Бүгүн, 12-августта, президент Сооронбай Жээнбеков Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөштү. Маалыматты Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар эки жана көп тараптуу кызматташуунун маселелерин жана буга чейинки макулдашуулардын ишке ашыруусун талкуулашты.

Түркия башчысы башчысы кыргызстандыктарды жана президент Сооронбай Жээнбековду Курман айт майрамы менен куттуктап, тынчтык жана бакубатчылык каалады.

Президент Сооронбай Жээнбеков дагы Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоганды Курман айт майрамы менен куттуктап, албан ийгиликтерди жана бекем ден соолук каалады.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>