Сууда сүзүү боюнча Азия чемпионатында кыргызстандыктар 3 медаль утту

Сууда сүзүү боюнча Азия чемпионатында кыргызстандыктар 3 медаль утту

Сууда сүзүү боюнча Азия чемпиондугунда Кыргызстандык 3 спортчу 2 күмүш, 1 коло медаль утушту. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты «Фейсбукка» жазды.

Мелдеш Индиянын Банголор шаарында өтүп жатат. Эркектер арасында Денис Петрашов 100 метрге брасс ыкмасында күмүш медаль алган. Кыз-келиндер арасында Елизавета Рогожникова 50 метр чалкасынан сууда сүзүүдө күмүш медаль тагынды. Ошондой эле ал 200 метр аралыкка комплекстүү сууда сүзүү боюнча коло утту.

24-сентябрдан 27-сентябрга чейин болгон мелдешке 35 өлкөнүн атынан 2,5 миң спортчу катышты.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>