Түкмөнстандын орто мектептеринде телефон колдонууга тыюу салынды

Түкмөнстандын орто мектептеринде телефон колдонууга тыюу салынды

13-январдан тартып Түкмөнстандын орто мектептеринде уюлдук телефон колдонууга тыюу салынды. Бул тууралуу Ашкабад шаардык билим берүү башкармалыгына шилтеме кылып  РИА Новости басылмасы жазды.

Маалыматка ылайык, жаңы эреже мектеп окуучуларына гана эмес, мугалимдерге да тиешелүү.

Мындай эреженин кабыл алынышына, телефондун мектеп тартибине жана сабакка жолтоо болушу себеп болгон.

Эрежеге ылайык, окуучулар мекетпке телефон алып келбеши керек. Ал эми мугалимдердин телефону сабак аяктагыча үн чыкпас режимде болуусу шарт. Эгер мугалимдер бул эрежени буза турган болсо дароо жумуштан алынат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>