Талкууга алынган Базар-Коргондун балатысы кайрадан жасалгалангандан кийинки көрүнүшү

Талкууга алынган Базар-Коргондун балатысы кайрадан жасалгалангандан кийинки көрүнүшү

Базар-Коргон районуна орнотулган балаты интернетте талкууга алынган. Ал балатыга 88 миң 400 сом коротулганы айтылып, бирок балаты ар түрдүү сынга кабылган.

Бүгүн аталган райондун балатысы кайрадан жасалгаланып, майрамдык көрк бердиртүүгө аракет кылышкан. Балатыга кошумча шариктер илинип, жанына сахна коюлган.

Буга чейин айтылган сындарга райондун акими Айбек Бегимкулов Reporter.kg`ге түшүндүрмө берип, төмөнкүлөргө токтолгон.

 “Талкууга түшкөн балаты жасалгаланып бүтө элек. Быйыл депутаттар “мусулманчылыкта жаңы-жыл деген майрам жок” деп акча каралган эмес. Бирок учуру келгенде көнгөн эл келет экен деп балаты орнотулмай болгон. Ага  жергиликтүү бюджетен 100 миң сом бөлүнгөн. Анан тендер өткөрүлүп 88 миң 340  сом сунуштаган  Төлөмбай Шаимкулов аттуу жеке ишкер жеңүүчү болуп, балатыны орнотуу милдетин колго алган. Сүрөттө айрым бриллиант түстүү оюнчуктар көрүнбөй калыптыр. Аларды мен көрдүм. Дагы бир топ баалуу оюнчуктар тагыла элек экен. Анткени өткөн жылы 9-10-класстардын мектеп окуучулары келип, эртең майрам деген күнү оюнчуктарды уурдап кетен. Ушуга байланыштуу балатыны жаңы-жыл күнү жасалгалмай болушкан. Анан да айта кетели, 100 миң сомдун ичинде бардык жумуштар камтылат”, – деген ал.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>